МанкыштакКаспий деңизинин түндүк-чыгыш жээгиндеги жарым арал, Казакстанда. Деңизге болжол менен 250 км кирип жатат. Негизги бөлүгүн Мангыстоо (бийиктиги 556 мге чейин), түштүгүн Манкыштак платосу (бийиктиги 200–275 м) жана айрым туюк ойдуңдар (Карагие деңиз деңгээлинен – 132 м, Коондуу – 57 м төмөн жайгашкан), түндүгүн Бузачи жарым аралынын түздүктөрү ээлейт. Чополуу, шыбактуу шорлуу жана таштак чөл ландшафттары басымдуу. Нефть (Маңкыштак нефть-газ аймагы) кени бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү