Мансап - (ар.- ир. «мансаб») - мамлекеттик, коомдук, илимий же башка иштер боюнча ийгиликтерге бат жетишип, атак- даңк, сый-урмат, материалдык пайдага ээ болуу. Бул терминди «мансапкорлук» деген мааниде колдонгондо, иште жеке керт баштын гана кызыкчылыгын ойлоп, кызмат тепкичи жана башка көтөрүлүүнүн айла-амалын издегендикти туюнтат. Сасанийлер доорундагы Иран (фарси) мамлекетиндеги (б.з. 3-7 кк.) «кызмат даражасын аныктаган кагаз» же «кызматка коюлууга акылуу» деген маанини туюнткан. Учурда коомдук, илимий же башка иш боюнча ийгиликке бат жетип, атак-даңк, материалдык пайдага ээ болуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү