Манси тили, вогуль тили – Тюмень областынын Ханты-Манси автономиялуу аймагында, Обь дарыясынын сол жээгинде, Свердлов областынын айрым жеринде жашаган мансилердин тили. Финн-угор тилдеринин угор бутагына кирет. Бири-биринен орчундуу айырмаланган диалектилери бар. Адабий тили сосьва диалектисине таянат. Жазуусу 20-кылымдын 30-жылдары орус алфавитинин негизинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү