Мантия (грекче mantion – жапкыч, плащ)

  1. укукта мамлекеттик сот иштерине байланыштуу, көбүнчө сот, кээ бир учурда прокурор, адвокаттар кие турган атайы кийим. Расмий түрдө өз милдетин аткарып жаткан мезгилде (сот отурумунда) кийилет. Мантия мамлекеттик бийликтин бир символу катары сот адилеттүүлүгүн иш жүзүнө ашырып жаткан соттун өзгөчө статусун белгилейт. Мантиянын кара түстө болушу сот бийлигинин абройлуулугунун, сот калыстыгынын, эч кимге жан тартпай, адилеттүү өкүм чыгарыла тургандыгынын белгиси болуп эсептелет;
  2. биологиядамоллюскалардын, айрым рак сымалдардын денесин каптап турган сырткы тери бүктөөсү. Мантиянын атайын без клеткалары сырткы скелетти (раковина) пайда кылат. Омурткалуулардын мантиясы мээ кыртышы деп аталат;
  3. геологияда – Жердин ядросу менен жер кыртышынын ортосунда жайгашкан «катуу» Жер катмары. Жердин көлөмүнүн (атмосферасыз) 83%ин, массасынын 67%ин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү