Маньеризм (французча  manierrisme) – Бийик Кайра жаралуу сүрөтчүлөрүнүн «манераларынын» ыкмаларын формалдуу түрдө бир жактуу түшүндүрмөлөгөн жана апыртып көрсөтүүгө негизделген XVI кылымда италия көркөм искусствосундагы ындыны өчкөн, үмүтсүз­дүккө берилген көркөм агым. М. жашоого ренессанстык көркөм  искусствону  тартуулаган демократиялык кыртышта өнүкпөстөн, герцогдордун ак сарайларында, феодалдык реакциячыл кырдаалда өнүккөн. М-дин Кайра жаралуу чеберлеринин жолун жолдоочулугу жөн эле сырткы көрүнүш эле. Маньеристтер кылыктанган, ыксыз кооздукка толгон, аша чапкан чыгармаларды түзүшкөн. Алар татаал, тандагыч ракурстарды, жылан сымал ийилген фигураларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушкан. Маньеристтердин портреттери көп учурда аткарылыш техникасы боюнча бийик турат, бирок мазмуну боюнча муздак, ачык-айкын эмес. М-дин көрүнүктүү устаттары – Бронзино, Понтормо, Пармиджанино, Лотто. М. Италиядан сырткары Франция менен Нидерландыда белгилүү болгон. Азыркы мезгилдеги буржуазиялык көркөм искусство таануу илими М-дин тарыхый маанисин көтөрүүгө жана кайрадан баа берүүгө аракет кылат жана муну менен Бийик Кайра жаралуунун ролун азайтмакчы; мунун негизинде Кайра жаралуу көркөм өнөрүнүн мазмунун, анын реализми менен гуманизмин таануу менен, көркөм өнүгүү тарыхын туура эмес, реакциячыл багытта – готикадан М-ге жана андан бароккого өткөрүү менен эволюцияны башкача көрсөтүү эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү