Марал кулак (лат. Veratrum, L. 1753) – лилиялар тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийикт. 2 мге чейин жетет. Жалбырагынын уз. 25 смге, туурасы 15 смге жетет, жээги тегиз, сабакка кезектешип жайгашкан. Гүлдөрү майда, шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Желекчеси 6, түсү саргыч жашыл, уз. 1-1,5 см, чөйчөкчөсү жок.

Veratrum lobelianum.

Кыргызстанда Ысыккөлдүн чыгышындагы тоо шалбааларында бир түрү өсөт. Малга уу өсүмдүк; тамырынын ширеси, майда талканы чымын-чиркейге, дененин мителерине (бит, бүргө) уу. Тамырын күзүндө казып алып, көлөкөдө кургатышат, суудагы кайнатмасын же күкүмүн (талканын) пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү