Марат Козукеев (1970, Эркин-Сай, СССР2017, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык актёр жана режиссёр. Маданият ишмери. "ДЕМ" театрнын жетекчиси.

Марат Козукеев
Туулган датасы:

1970(1970-00-00)

Туулган жери:

Эркин-Сай, Панфилов району, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы:

8 -декабрь 2017(2017-12-08) (47 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актёр, режиссёр

Карьерасы:

1996 — 2017

Өмүр баяны түзөтүү

1970-жылы чыгармачыл үй-бүлөдө жарыкка келген. Атасы Жумабек Козукеев Кыргыз драма театрында актёр болсо, апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча ушул театрда иштеген. 1988-1992-жылдары Ленинграддагы Черкасов атындагы театр, музыка жана кинематография институтунун актёрдук факультетин бүтүрүп келип, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, Кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке кирген, ал жерде өмүрү өткүчө эмгектенген. Аталган театрдын көркөм жетекчиси катары иш алып барып, Театр актёру катары көптөгөн спектаклдерде роль жаратуу менен бирге «Аталар керээзи», «Гаишниктер», «Саманчынын жолу», «Кокуй кошуна» сыяктуу тасмаларда роль жараткан.