Башбаракты ачуу
Марганец.

Марганец (лат. Manganum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 4-мезгилинин VIIВ группа элементи, к.н. 25, ат. м. 54,938. М. 1874-ж. Шееле тарабынан ачылган, туруктуу 55Mn бир изотобу белгилүү. Жер кыртышынын (м. б-ча) 9×10-2 % түзүп, таралышы б-ча башка элементтер арасында 11-орунда турат. Жаратылышта эркин абалда кездешпейт. Негизги минералдарынан пиролюзит (псиломелан) - MnO2, браунит - Mn2O3, гаусманит - Mn3O4, манганит - Mn2O3×2H2O, марганец шпаты - MnCO3, радонит - MnSiO3, гауэрит - MnS2 белгилүү. М. океан суусунда 10 % жакын болуп, 1500 млрд т болгон запасы бар деп болжодонот. М. көпчүлүк учурда темир рудаларында болот. Ө. ж-лык мааниси б-ча негизги орунда чөкмө кендери турат. Алар байыркы деңиздер менен көлдөр ордунда кабат-кабат жана линза сымал топтолгон. Мис., Украинада - Никополь, Грузияда – Чиатура, Кыргызстанда – Арчалы, Жанболот, Жети-Өгүз ж.б. жерлерде кездешет. М. сырткы көрүнүшү б-ча темирге окшош, түсү ак, күмүш сымал, оор, морт металл, тыгызд. – 7,4 г/см3 ; балкып эрүү темп-расы t0 1245оС; кайноо темп-расы t02150оС ; ат. радиусу 1,30; иондук радиусу Mn 2+ 0,91, Mn4+ 0,52. Ал үч аллотропиялык модификацияга ээ: a, b жана d (a 705оС чейин, (калгандары жогорку темп-рада туруктуу). Хим. жактан активдүү. Мезгилдик системадан алган ордуна жараша М. атому 7 валенттик электронго ээ жана II VII чейинки валенттүүлүктү көрсөтөт. Туруктуу окистенүү даражасы +2, +4 жана +7. Б. а. бирикмелеринде анын окистенүү даражасынын өсүшү менен к-талык касиети күчөйт. Металлдык М. абада окистеип, оксиддик жука кабык менен капталат. Жогорку темп-да кычкылтек менен күчтүү аракеттенип, MnO, Mn2O3, Mn2O7 жана MnO×Mn2O3 оксиддер аралашмасын, галогендер менен галогенид, күкүрт менен сульфид – MnS, MnS2, азот менен нитридди Mn3N2 ж.б. бирикмелерди пайда кылат. MnO – бозомук-жашыл түстөгү күкүм, сууда, щелочто эрибейт, к-таларда эрийт. Гидрооксиддери: Mn(OH)2 сууда эрибеген ак түстөгү зат, Mn(OH)4 - кочкул-күрөң түстөгү заттар, экөө тең сууда эрибейт, амфотердүү начар к-талык касиетке ээ. MnO2 – каракүрөң түстөгү зат. MnCl2 – кездеме боёочу күрөң боёк катары, MnS цинк сульфиди ZnS менен аралаштырганда караңгыда жарык берүүчү люминофорлорду жасоодо, нитраты Mn(NO3)2 фарфор боекторун алууда колдонулат. М. негизинен кара металлургияда, чоюн өндүрүүдө чоюндун балкып эрүү темп-расын төмөндөтүү жана күкүрттөн арылтууда колдонулат. М. кошулган болот сүрүүлүгө туруктуу болуп, темир жол рельстерин, таш майдалоочу машиналардын жана аскердик танк тетиктерин жасоодо колдонулат. Эгерде М. башка түстүү металлдарга кошулса, алардын куймаларынын катуулугу жогорулайт. М. жасалган реостаттын электр ток өткөрүүчү зымы – манганиндин курамында 12 % Mn, 84 % Сu, 4 % Ni болот. М. кошулган айнек кызыл түскө ээ болот. М. өсүмдүк менен жаныбардын тиричилигине өтө зарыл микроэлемент.

Колдонулган адабияттарОңдоо