Маргарита Мамун каймана аты (Бенгал жолборсу) — 1995 жылы 1 ноябрда Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн.Олимпиада чемпиону ("Рио-2016"), 7 жолку Дүйнө чемпиону, 4 жолку Европа чемпиону

Маргарита Мамун
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Маргарита Мамун

Жарандыгы

 Орусия Бангладеш

Чеберчилиги

Гимнастика

Клубу

ЦСКА, МГФСО

Төрөлгөн датасы

1 -ноябрь 1995(1995-11-01) (28 жаш)

Төрөлгөн жери

Москва, Орусия

Спорттук карьерасы

2005 — азыркы учурда

Машыктыруучулары

Амина Зарипова, Ирина Винер, Кукушкина Н. В., Душкина Т. В.

Бою

170 см

Салмагы

50 кг

Margarita Mamun

Өмүр баяны түзөтүү

«Сыналгыдан көркөм гимнастика боюнча мелдештерди көрүп, 7 жашымда апама ээрчитип бар деп айткан экенмин. Биздин үйүбүздүн жанында спорт мектеп бар эле" деп гимнастикага кандайча келип калганын эскерет Рита. Чындыгында бул курак гимнастика үчүн кеч, бирок көк беттиги менен келечектеги чемпион гимнастикага толугу менен арбалган. Мындай өжөрлүгү атасынан калган экен. Атасы Бангладеш өлкөсүнөн экендигин көпчүлүк биле бербейт... Атасы Абдулла Аль Мамун билим алууга Бангладештен Орусияга келген. Ал Астрахань шаарында келечектеги жубайы Анна менен жолугуп, экөө баш кошушкан. Маал-маалы менен түпкү мекенине барып турушканы менен, Мамундар үй-бүлөсү Москва шаарында 20 жылдан бери жашап келишет.

Карьерасы түзөтүү

Мындай спортко 3-4 жаштан баштап машыга тургандыгын кеч билген Маргарита алгач ийгилик жаратуу деген эмне экендигин билген эмес. Спорт мектепте андан күчтүү спортчулар көп болгон. Олимпиадалык даярдоо борборунун машыктыруучулары 13 жаштагы Ритага спорт же окууну танда деген талап коюшат. Себеби экөөнү тең алып кетүү секелек кыз үчүн татаал болгон. Тандоо канчалык туура болгонун 2016-жылы Олимпиадада тагынган алтын медаль даана көргөзгөндөй болот... "Көркөм гимнастика менен олуттуу түрдө 13 жашымдан тарта машыга баштадым. Жыйынтыктарымдын көрсөткүчү алда канча жогорулап, 1 жылдан соң Орусиянын курама командасына кошулдум. Бирок мектептеги бүтүрүү кечесине катыша албай калгам..." Спортту тандаган Рита алгачкы ийгилигин 2011-жылы жаратат. Анда ал топ, алкак (обруч) жана лента менен аткаруусунда жогорку упай алып, өлкө чемпиону аталган.

Ал "Казань-2013" Универсиадасында 4 алтын медаль багынтып, эл аралык мелдештерде ийгилик жаратуусун баштайт. Бул жыл бенгал кызы үчүн абдан ийгиликтүү болуп, Европа жана Дүйнө чемпиондугунда да алтын медаль тагынат. Амина Зарипованын машыктыруучулугу алдында дагы бир нече ирет Дүйнө биринчиликтеринде "Мыкты спортчу" наамын алат. Бул жетишкендиктерден улам аны айтылуу Алина Кабаева менен салыштыруу күч алат. Алдыда башкы максат – Олимпиадада медаль тагынуу керек болгон. "Мен курактуулар ырдап-бийлеп, сейилдеп жыргал жашоону көрүп жатышса, мен машыгуу менен алекмин. Албетте, Рио Олимпиадасында ийгилик жаратуу үчүн спорт залда машыгууну улантышым керек болчу" деп белгилейт Маргарита.

Риодо көркөм гимнастика боюнча жеке мелдештерде башкы фаворит катары орусиялык Яна Кудрявцева саналган. Башкы машыктыруучу Ирина Винердин чечими менен Маргарита Мамун да биринчиликке ат салышат. Эки спортчу спорттон тышкары жакын курбулардан болгону менен, расмий мелдештерде кимдин ким экендиги экинчи планга калганы ырас. Яна экинчи аткаруусунда жаңылыштык кетирип, Ритага алтын медаль үчүн жол ачылат. Анда "бенгал жолборсу" 4 аткаруусунун жыйынтыгында 76,483 упай менен Орусия куржунуна алтын медаль алып келген. "Биз спортто атаандаштар менен эмес, өзүбүз менен алпурушабыз. Ким өзүнүн толкундануусун баса алса, ошол спортчу жеңүүгө мүмкүнчүлүк ала алат" деп сыр бөлүшөт жеңиштен кийин Рита. Мындай көрсөткүчтү өздөрүнүн машыктыруучулары да күткөн эмес. Себеби алар Янаны колдоо иретинде гана Ританы жекелик мелдешке чыгаруу чечимине келишкенин айтышат. Экинчи Олимпиадасына бара турганы тууралуу Рита: "Токио мага абдан жаккан шаарларды бири.Андыктан ал жактан да ийгилик жаратсам деген максат бар..." деп айтат.

Кызыктуу маалыматтар түзөтүү

  • Филипп аттуу иниси бар. Анын айтымында, эжеси талапты катуу коёт.
  • Рокту жакшы көргөндөрдүн катарында. Ал Европа биринчилигинде "Queen" тобунун "We will rock you" ырынын аткаруусунда чыккан.
  • Бош убактысы дээрлик жок. Болуп калса үй-бүлөсү, достору менен чогуу өткөрөт.
  • Жакшы көргөн актёрлору – Уилл Смит менен Анжелина Жоли.
  • Атасы кызынын Дүйнөлүк биринчиликте алтын медаль тагынганы үчүн Бангладеште атайын майрам өткөргөн.
  • 3 жылдан бери орус суучулу Александр Сухоруков менен жакын мамиледе. Риодон кийин экөө баш кошушат деген кептер тараган.

Шилтемелер түзөтүү