Магиналдуулук – социалдык топтордун ортосундагы адамдын абалынын орто аралыгын, чектүүлүгүн билдирүүчү социалдык түшүнүк, ал анын психикасына белгилүү таасир калтырат.

Америкалык социолог Р. Парк киргизген, ал ушул түшүнүк менен мулаттардын абалын белгилеген жана «маргиналдуу жеке адам» бир катар мүнөздүү өзгөчөлүктөргө: тынчы жоктукка, агрессивдүүлүккө, даңкты сүйүүчүлүккө, сезимталдыкка, уяңдыкка, өзүмчүлдүккө ээ болот деп эсептеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8