Маржа
Маржа (англисче margin жана французча marge – чети, кыры) 1) банктын далдалчылык операцияларында кардарларга берилүүчү ссудадагы проценттин ортосундагы айырма жана банк өзүнө тартуучу каражат проценти; 2) валюта соодалоо операцияларындагы акы кардарларга сатуу жана валюта курсунун ортосундагы айырмадан түшкөн банктын кирешеси. Маржа биржада брокерлердин финансылык көз карандысыздыгын камсыздоого жардам берет. Эки түрү белгилүү: баштапкы жана кепилдикти сактоочу, ошондой эле банктык, демпингдик ж. б. түрлөрү бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7