Маржанишвили, Константин Александрович
Маржанишвили,Константин Александрович [28. 5(9. 6). 1872, Кварели— 17. 4. 1933, Москва] — советтик режиссёр,Грузиянын эл артисти (1931).
Сахна ишин 1893-ж. Кутаисиде баштап, Эркин театрын уюштурган (1913—14, Москва). 1919-ж. Киевде Лопе де Веганын «Кой булак» спектаклин коюп, аны 1922-ж. Грузияга келгенден кийин Ш. Руставели атындагы театрда да корсоткон.
Бул грузин театрында идеялык-көркөмдүх жаңычылдыкка жол ачкан. 1928-ж Кутаисиде Грузиянын 2-Мамлекеттик драма театрын түзгөн (азыр К. А. Маржанишвили атындагы грузин театры). 1924— 29-ж. Грузин кинематографиясыных режиссёру. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Москва театрларында спектакль коюп жургөн. М. орус жана грузин театр маданиятынын бир бирине таасирин өз өнөрүндө чагылдырууга умтулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.