Марион Котияр (англ. Marion Cotillard ;французча айтылышы: [ma.ʁjɔ kɔ.ti.jaʁ] 1975-жылдын 30-сентябрында туулган) -француз актрисасы, ырчы, обончу, эколог, Гринпис активисти . Актриса дүйнөгө "Эдит Пиаф" (фр. La Vie en Rose, 2007) тасмасы менен атагы чыккан. Ал "Оскар" сыйлыгына, Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына, "Алтын глобус" сыйлыгына, эки жолу Франциянын улуттук "Цезарь" киносыйлыгына, Европа академиясынын кино сыйлыгына жана Франциянын дагы бир улуттук "Люмьер" киносыйлыгына татыктуу болгон. Актриса элүүдөн ашык кинофильмдерде ойноп, 2008-жылдан бери Кристина Диордун бренди "Lady Dior" аялдардын сумкасын жарнамалап келет. Ал 2010-жылы Франциянын "Искусство жана адабияттын рыцары" Орденине көрсөтүлүп, 2016-жылы анын офицери болгон. 2014-жылы "21-кылымдагы Франциянын эң кирешелүү жана ийгиликтүү актрисасы" деп аталган. Ал өлкөнүн эң жогорку даражадагы сый-урматына ээ болуп, Франциянын "Ардактуу легионунун рыцары" деген титулга ээ болгон.

Котияр 1993-жылы биринчи жолу англис тилиндеги "Тоолук" (англ. Highlander) телевизиондук тасмасына тартылган. Анын "Такси" (фр. Taxi, 1998) кино тасмасындагы ролу ийгиликтүү болуп, Франциянын улуттук "Цезарь" сыйлыгына "Көптү үмүттөндүргөн жаш актриса" номинациясына көрсөтүлгөн жана тасма прокатта жакшы киреше алып .келген Актрисанын Голливуддагы биринчи дебюту "Чоң балык" (англ. Big Fish) тасмасы болгон.

2003-жылдан тартып, М. Котияр англис жана француз тилдеринде бирдей роль жаратып келген, эл аралык атак-даңк жана бир нече сыйлыктарга "Узакка созулган үйлөнүү" (англ. A Very Long Engagement, 2004) сыяктуу тасмалардагы ролдору менен татыктуу болгон. Ушул тасмадагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында Франциянын улуттук "Цезарь" киносыйлыгын алган. "Эдит Пиаф" (фр. La Vie en Rose, 2007) тасмасында Франциянын атактуу ырчысы Эдит Пиафтын ролу анын атагын дүйнөгө чыгарды жана актриса экинчи жолу Франциянын улуттук "Цезарь" киносыйлыгына татыктуу болгон. Ушул ролу үчүн Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын, "Алтын глобус" сыйлыгын, Франциянын дагы бир улуттук "Люмьер" киносыйлыгын жана "Эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. Актриса француз тилинде тартылган тасма үчүн "Оскар" сыйлыгын алган жалгыз актриса болуп калган жана аялдардан экинчи жана алты эркек актерлордун арасынан жалгыз "Оскар" сыйлыгын "Чет тилдеги тартылган фильм" номинациясында жеңип алган. "Тогуз" (англ. Nine, 2009) мюзиклинде Луиза Контининин ролу үчун экинчи жолу "Алтын глобус" сыйлыгына талапкер болгон. Андан

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү