Маркетинг, сатып өткөрүү базарлары жана сооданы өнүктүрүү

Маркетинг, сатып өткөрүү базарлары жана сооданы өнүктүрүү. Аралаш экономикалык мамилелерге өтүү жолунда экономиканы реформалоо рынок мыйзамдарын жана механизмдерин тиешелүү эсепке алуусуз, түшүнүүсүз өтөт.

Натыйжада өндүрүштүн жыл сайын төмөндөшү, рыноктук сатып өткөрүүнүн бузулушу, ата мекендик жана импорттук өндүрүштүн суроо-талап менен пайдаланылбаган товардык-материалдык дөөлөттөрдүн көп санда топтолуп калышы болуп турат. Проблеманын маани-маңызы товарларды ташып келүү ташып чыгуулардан ашып кеткен, түпкү продукция эмес сырье экспорттолгон өлкөдө алтындын көп запасы жоктугунда, тышкы карызынын көп экендигинде турат.

Мында стратегиялык экономикалык чечимдер ички жана тышкы рыноктордун сыйымдуулугун терең маркетингдик изилдөөсүз, өнөктөрдүн, атаандаштардын перспективалуу милдеттерине, керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын, товар чыгаруучулардын сунуштарынын ийкемдүүлүгүнө баа берүүсүз кабыл алынат.

Тандалып алынган экономикалык стратегияга ылайык, төмөнкү багыттар боюнча стратегиялык маркетингдик изилдөө процессин ишке ашыруу зарыл:

1. Республиканын электр энергиясына ички керектөөсүн камсыз кылуу үчүн Санкт Петербург шаарында чыгарылып жаткан минигидроэлектр станцияларын өлкөнүн региондоруна жана чоң-чоң калктуу пункттарына жайгаштыруу экономикалык жактан максатка ылайыктуу. Мындай станцияларды пайдалануу отун проблемасын тез жана салыштырмалуу арзан чечет. Мында кошумча газ, көмүр, солярка алып келүү талап кылынбайт;

2. Электр энергиясынын болушу - жаңы рыноктордун, анын үстүнө эң артыкчылыктуу жана импортту алмаштыруучу рыноктордун пайда болушунун кепили. Бул тоо кендерин казуу өнөр жайы, ал улуттук экономиканы жандандыруу үчүн алда канчалык ишенимдүү болуп саналат, анткени сурьмага, алтынга, уранга, сымапка, вольфрамга, калайга ж. б. сейрек кездешүүчү элементтерге калыптанып калган дүйнөлүк рынок иштейт. Рыноктун мындай багытын өнүктүрүү республиканын электротехникалык, станок жасоо жана жеңил өнөр жайынын продукциясынын рынокторун түзүүгө стимулдаштыруучу таасир тийгизет, мында көрсөтүлгөн тармактардын продукциясынын өзүнө турган наркында электр энергиясы да басымдуу орун ээлейт;

3. Жарым өткөргүч материалдардын жергиликтүү сырьёсун пайдалануунун базасында азыркы телевизорлордун, радио-кабылдагычтардын, видеомагнитофондордун ж. б. турмуш-тиричилик радио техникасынын рынокторун түзүү ички товардык рыноктогу кырдаалды кескин өзгөртөт жана эң башкысы, тиешелүү тармактардын социалдык-финансылык абалын жакшыртат;

4. Өтө узак мезгилдүү натыйжаны кварц тигелдеринин жана трихлорсиландын жаңы, валюталык продукциясын чыгаруу алып келет, аларга суроо-талап жакынкы чет өлкөлөрдө (Украина, Россия) гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдө (Швейцария жана Япония) да бар. Республикада минитракторлордун, мотоколяскалардын, чакан тегирмендердин, чакан ГЭСтердин, шамал генераторлорунун жана күн батареяларынын ички рыногун түзүүнүн кеңири мүмкүнчүлүгү бар. Электр керамикасын, сейрек кездешүүчү металлдарды кошумчалоо менен энергетикалык мыкты магниттерди, перфораторлорду жана гидромотолотторду экспортко чыгаруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар;

5. Жеңил өнөр жайынын пахта, жүн жана жибек сыяктуу маанилүү тармактары алда канчалык экспорттук мүмкүнчүлүктөргө ээ. Эң жаңы чет өлкөлүк техниканы жана технологияны ишке киргизүүнүн негизинде туурасы 150 сантиметрлик жана андан ашуун пахта кездемелерин, «Вулмарк» сапат белгиси менен жүндөн токулган кездемелерди жана туурасы 120 сантиметрлик, андан ашуун жибек кездемелерин чыгаруу белгиленүүдө. Жеңил өнөр жайын өнүктүрүү улуттук рынок үчүн анын маанилүүлүгү менен гана эмес, о. э. стратегиялык сырьену: пахтаны, жүндү, чоң жана кичине бодо малдардын терилерин жана мехтик кой терисиң туура, цивилизациялуу пайдалануунун көз карашынан да өтө жоопкерчиликтүү экендиги менен артыкчылыктуу болууга тийиш.

Жетекчилер, ишкерлер жана коммерсанттар тараптан ушул эң маанилүү сырьелук ресурстарга жоопкерсиз мамиле жасалышынан улам өлкөбүз 1994-ж. гана ИДПнын 7,4%инен же 824 млн сомдон ажырады, ушундай эле кырдаал 1995, 2010жылдарда да түзүлдү.

Республиканын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүнө негизденүү менен, маркетинг ишинин төмөнкүдөй программасы зарыл:

1. Продукциянын рынокторун ачык-айкын изилдөөлөр (алардын көлөмдөрү, масштабдары, негизги атаандаштары жана атаандаштыктын курчтугу, изилденип жаткан продукциянын айырмалап туруучу белгилери ж.у.с.);

2. Жалпы талдоонун жана ачык-айкын изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча өндүрүштүн стратегиясын жана узак мөөнөттүү максаттарды, милдеттерди ишке ашыруу боюнча тактикалык чечимдерди аныктоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9