Темирбеков, Марлен (1933, Фрунзе) — опера ырчысы. Кыргыз ССРинин эл. артисти (1976). 1958-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында иштейт.

1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим. Ал дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун операларынан көптөгөн партияларды аткарган. "Манас" операсынан Чубактын, "Айчүрөк" операсынан Канчоронун ролун жогорку чеберчилик менен аткара алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4