Марри Гелл-Ман (англ. Murray Gell-Mann, айтылышы: /ˈmʌri ˈɡɛl ˈmæn/; 1929-жылы 15-сентябрь) – 1969-жылы жөнөкөй бөлүкчөлөр теориясы боюнча изилдөөлөрүн жүргүзгөнү үчүн физика жаатындагы Нобель сыйлыгына ээ болгон америкалык физик. Гелл-Ман Калифорния технология институтунун Роберт Эндрүс Милликен атындагы теориялык физика илиминин ардактуу профессору, Санта-Фе институтунун кош-негиздөөчүсү жана илимий кызматчысы, Нү-Мексико университетинин физика жана астрономия бөлүмүнүн профессору жана Түштүк Калифорния университетинин физика жана медицина бөлүмүнүн президенттик профессору.

Марри Гелл-Ман (2012).

Гелл-Ман 1972-жылы Гуггенхайм стипендиясынын илимий мүчөсү катары бир канча убакыт CERN изилдөө институтунда короткон.

Өмүр таржымалыОңдоо

Илимий ишмердигиОңдоо

Гелл-Ман Жорж Цвейгтен өзүнчө, биринчи жолу адрондордун SU(3) ароматына аныктоо берип адрондордун кварк бөлүкчөлөрүн тажрыйбага жайылткан. Учурда бул аромат жеңил кварктардын негизинде болгон, изотопик спинди бир түрдүүлүктү кошуу үчүн кеңейткен окумуштуунун кванта саны катары түшүндүрүлөт.

Ричард Фейнман менен бирге Гелл-Ман начар өз ара аракеттешүүнүн V−A теориясын ачкан. 1960-жылы окумуштуу кадимки алгебраны туруктуу динамикалуу теория жок болгонунда кварк модельдерден алдын ала аракеттерди чыгаруу үчүн симметриялардын системалуу колдонуу ыкмасы катары көрсөткөн. Бул ыкма Стандартуу модельдин (SM) иштеп чыгуусунун негизинде жаткан жалпы жөнөкөй бөлүкчөлөрдүн жөнөө пункту болгон жана модельден көз карандысыз болгон эксперимент аркылуу аныкталган sum rules формуласына алып келген.

СыйлыктарыОңдоо

ШилтемелерОңдоо