Мартиника коммунистик партиясы

Мартиника коммунистик партиясы (МКП) 1957-ж. сентябрда өткөн 1-съездинде уюшулган.

Француз компартиясынын мартиника федерациясынын базасында жаралып, 60-жылдардын башында эң ири партияга айланган, 1971-ж. партия аралдын 4 муниципалитетин башкарыи турган, өкмөттүн 36 ген. кеңешчисинин төртөө коммунист болгон. МКП-нин программалык документтеринде Мартиниканын автономия алуусу үчүн кеңири антиимпер. фронт түзүү, эл контролуна баш ийген демокр. бийлик орнотуу белгиленген.

МКПнин өкүлдөрү Коммунисттик жанa жумушчу партиялардын эл аралык кеңешмелерине (1960, 1969; Мос­ква) катышып, алардын документтерин жактырган. МКП демокр. централизм принциптеринин негизинде курулат. Жог. органы — съезд, съезддер аралыгында партиянын күндөлүк ишине МКП БКнын Саясий бюросу жанa БКнын Секретариаты жетекчилик кылат. Борб. органы — «Жюстис» жумалыгы, теориялык ор­ганы — «Аксьон» журналы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.