Мархамат шаар урандысы - Өзбекстандынн Анжиян облусундагы Мархамат кыштагына жакын жерде, Араван суусунун жээгинде.

Б. з. алгачкы кылымдарында Фергана өрөөнүндөгү эң ири тургун журттардын биринен болгон. Жалпы түзүлүшү төрт бурч формада. Айланта бекем дубалдар менен курчалып, алардын айрым жерине кыш мунаралар орнотулган. Урандынын ичпнде курулуштар болгон.Мархамат шаар урандысы казыла элек.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.