Марш (французча marche – басуу, алга жылуу) – көпчүлүктөн, аскер же жөн эле ар кыл жүрүштө топ адамдын бир калыптагы басыгын камсыз кылуучу музыкалык жанр. Марш так ыргагы жана бирдей темпи менен музыканын башка түрүнөн айырмаланат. Марш аскердик музыканын негизги түрү болуп эсептелет. Марш майрамдарда, салтанат күндөрү, аскер парадында, сөөк коюуда ж. б. аткарылат. Марш сцена жанрында (опера жана балетте, ошондой эле концерттик музыкада) да бар. Бул анын формасын кеңейтүүгө, мазмунун жаңы көркөм каражаттар менен байытууга өбөлгө түзөт. Кыргыз композиторлору М. Абдраев («Жаштар маршы»), А. Малдыбаев («Эмгек маршы», «Кыргызстан», «Студенттер маршы»), К. Молдобасанов («Кыргызстан жаштарынын маршы»), П. Шубин («Фестиваль маршы») ж. б. композиторлор марштарды жазышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү