Маршалл Альфред (26. 7. 1842, Лондон – 13. 7. 1924, Кембридж) – англиялык экономист, буржуазиялык саясий экономиянын Кембридж мектебин негиздөөчү. Кембридж университетинин профессору (1885–1908). Өзүн Д. Рикардонун шакирти катары эсептеп, анын субъективдүү психологиялык рух жөнүндө окуусун түшүндүрүүгө аракет кылган. Ошондой эле Ч. Дарвиндин окуусун коомдук мамилелерге жайылтууга аракет жасаган. Маршалл өз изилдөөлөрүндө анализдин математикалык жана графикалык ыкмаларын (методдорун) колдонгон. Ал «Экономиканын принциптери» (Principles of Economics, 1980) деген эмгеги менен белгилүү болгон. Эмгектери: The Economics of Industry, 1879; Өндүрүш жана соода (Industry and trade), 1919; Money, Credit and Commerce, 1923.

Колдонулган адабияттар түзөтүү