Масгрейв
Масгрейв – Австралиянын борбордук бөлүгүндөгү тоо, Батыш Австралия бөксө тоосунун чыгышында. Узундугу 200 кмдей. Гранит тектеринен түзүлгөн. Бийиктиги 1440 мге чейин. Мезгил-мезгили менен аккан дарыя өрөөндөрү көп кездешет. Капталдарында сейрек акация бадалдары (мальга-скрэб) жана спинифэкс дан өсүмдүктөрү өсөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7