Массалык коммуникация – таратууга атайын арналган социалдык институттар (басмалар, агенттиктер, редакциялар, студиялар) аркылуу маалыматты массалык аудиторияга таратуу. Кабардын тиражын көбөйтүүнүн жана таратуунун техникалык каражаттарынын өнүгүшү жана жалпы сабаттуулук 20-кылымдын башында массалык маалымат каражаттарынын (ММК) пайда болушуна алып келди. Массалык коммуникация коомду мобилизациялоого, үгүт жүргүзүүдө жана коомдук пикир жаратууда маанилүү куралга айланды. Маалыматтын уюмдашкан институттар аркылуу жана борборлоштурулган түрдө таралышы Массалык коммуникацияны массалык аң-сезимди жана жүрүм-турумду көзөмөлдөөнүн эң майнаптуу жана эң зарыл каражатына айландырды. Массалык коммуникациянын мазмунуна жана формаларына мамлекет, ар кыл саясий топтор, рынок механизмдери, жарандык коом институттары таасир тийгизет. 1990-жылдардан Интернеттин жайылышы, медиа ресурстарды активдештирүү ар бир адамга маалыматты кеңири коомчулукка жеткирүүгө жана кабыл алынган маалыматка ой-пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берүү менен массалык коммуникациянын мүнөзүн олуттуу өзгөрттү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү