Массалык тейлөө теориясы

Массалык тейлөө теориясы - математикалык илимдин кокус мүнөздөгү массалык талаптарды тейлөө системаларын изилдөөчү тармагы.

Андай системалардын типтүү мисалы ката­ры автоматтык телефон станциясын (АТС) көрсөтүүгө болот. Массалык тейлөө теориясы методдорунун максаты — ар кандай кокус талаптарды жакшы жанa ыңгайлуу тейлөө. Ошондуктан массалык тейлөө теориясы операцияларды изилдөөнүн бөлүгү катары каралат. Массалык тейлөө теориясында ыктымалдык теориясы менен математикалык статис­тика кеңири пайдаланылат.

Массалык тейлөө теориясынын математикалык маселелери атайы типтеги кокус процесстерди изилдөөгө келтирилет. Келип түшкөн чакыруулардын тездигинин жанa тейлөө узактыгынын ыктымалдуу мүнөзүн, ошондой эле тейлоо системасынын схемасын (кабыл алышын же кезек күтүүнүн) эске алып, массалык тейлөө теориясы тейлөө сапатынын тийиштүү мүнөздөмөлөрүн анык­тайт. Жөнөкөй системаларда бул мүнөздөмөлөр аналитикалык метод менен аныкталат, ал эми татаал учурларда кокус процесстерди Монте-Карло методу боюнча моделдөөнү колдонууга туура келет. Массалык тейлөө теориясы жөнүндөгү алгачкы эмгек даниялык инженер А. К. Эрлангеге (20-к. 20-ж.) таандык. 1940— 55-ж. К. Пальм (Швеция), Ф. Поллачек (Франция), А. Я. Хинчин (СССР) бул теорияны өнүктүрүшкөн. Советтик илимпоз Б. В. Гнеденконун ж. б. бул теория боюнча салымдары зор.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.