Мастика (гр. mastiche — мастика дарагынан алынган чайыр) курулуш ишинде — органикалык илээшкек зат менен майда тартылган кошундулардын аралашмасынан турган материал.

Кайсы илээшкек заттын кошулганына жараша мастика битумдуу, резина-битумдуу, полимердүү ж. б. болуп айырмаланат. Пайдаланышына жара­ша имараттын төбөсүн жабууга, үйдүн таманына керектелчү жанa герметизациялык болуп ажыратылат.

Мастика үйдүн төбөсүн жабууда түрмөктөп оролгон жабуу материалдарын, паркетти, линолеумду ж. б-ны желимдөөдө, курулуш конструкцияларында суу өткөрбөс катмар түзүүдө жанa курама конструкциялардын ашташкан жерин тыгыздаштырууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.