Масы
Масы (1937–91-жылдары Ленин-Жол аталган) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы айыл. Ноокен районунун жана Масы айыл аймагынын борбору. Эски-Масы суусунун боюнда, Ош – Бишкек автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Областтын борбору жана темир жол станциясы Жалал-Абад шаарынан 45 км аралыкта. Тентек-Сай темир жол бекетинин (Өзбекстан) 20 км. Кыштакта Ноокен районунун дээрлик бүт мекеме-ишканалары орун алган. Андан сырткары нан заводу, ашкана-чайканалар, ресторандар, сауна-мончо, 13 тегирмен, 4 май жуаз, 2 ак жуаз, фирма жана базар иштейт. Төрт орто жана музыкалык мектеп, китепканалар, 6 бала бакча, балдардын билим берүү борбору, музей, маданият үйү, кинотеатр, 3 клуб, борборлоштурулган райондук оорукана, санитария-эпидемиялык станция, борборлоштурулган дарыкана, дары-дармек сатуучу жеке менчик ишкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 2 эстелик тургузулган.
Масагаты | |
Өлкө | |
---|---|
Облус |
Жалал-Абад облусу |
If: |
Ноокен району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Мурунку аталышы |
Ленин-Жол |
Бийиктиктиги |
750 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Калкы түзөтүү
Калкы - 20137 киши (2023)[1]; негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7