Масы району - Жалал-Абад облусунда 1935-жылы 8-февралда уюшулган административдик-аймактык бирдик. Ага чейин Базар-Коргон районунун курамында болгон. Аянты 2,5 мин км², калкы 40 миндей адам болгон. Анын курамына Ноокен, Майлысуу, Масы, Сакалды, Бургонду, Кыла, Алма айыл советтери кирген. Борбору - Масы кыштагы болгон. 1937-жылы Базар Коргон району менен биригип, Ленин району аталган; 1978-жылы андан кайра болунгон; 1992-жылдан тартып Ноокен району. райондун борбору - Масы айылы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Жалал-Абад облусу. Энциклопедия. Бишкек -2003.