Маутхаузенфашист немецтердин концлагери.

Дахау концлагеринин «филиалы» катары 1938-ж. июл­да Маутхаузен (Австрия) шаарчасынан 4 км аралыкта түзүлгөн. 1939-ж. марттан өзүнчө лагерь. 1938—45-ж. Маутхазенде көп өлкөнүн 335 миңдей кишиси камакта болуп, 122 миң киши (32 миңден ашыгы советтик граждандар) өлтүрүлгөн.

Маутхаузенде коммунисттер түзгөн жашыруун уюм иштеп, ал лагердин интернационлдык комитетинин жетекчилиги менен 1945-ж. 5—7-майда көтөрүлүш чыгарган.

Экинчи дүйн. согуштан (1939— 45) кийин Маутхаузенде мемориал музей уюштурулган, запкыдан концлагерде курман болгон Д. М. Карбышевге эстелик тургузулган (1948).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.