"Махабхарата" же "Бхаратанын тукумдары жөнүндө улуу жомок" – укмуштуу чоң чыгарма. Ал болжол менен эки жүз миң саптан турат, тактап айтканда "Илиада" менен "Одиссеяны" кошкондо да, андан сегиз эсе чоңдук кылат, ал эми биздин кыргыз элинин улуу эпосу "Манастан" эки жарым эсе кичинелик кылат жана 18 китепке бөлүнгөн. Биздин оюбузча "Махабхаратанын" мындай Үөлөмү дароо эле эмес, ал оозеки аткаруунун көп кылымдык салтында жаралган. Эң кеминде үч ирет редакциядан өткөндүгү жөнүндө эпостун тексти өзү күбөлөндүрөт. Чыгарманын киришүүсүндө поэманы акылман Вьяс, чыгаргандыгы билдирилет, андан кийин ал өзүнүн окуучусу Вайшампаянга айтып берген.. Ал өз кезегинде падыша Жанемеджайга жыланды курмадыкка чалуу мезгилинде окуп берген эле. Анын окуусун Уграшравас угуп, дербиштердин өтүнүчү боюнча үчүнчү жолу Наймиш токоюнда айтат.

Махабхарата.

Поэманын алгачкы көлөмү жөнүндө чыгарманын өзү кабарлайт. Биринде 8800 саптан турат делсе экинчисинде 24000 саптан деген версия айтылат. Эпостун өзүнүн бул санына карап, азыркы изилдөөчүлөр анын түзүлүү же жаралуу стадиясын бир нечеге бөлүштүрөт. "Бхаратанын" алгачкы текстин "Махабхаратанын" кошумчаланган жана салттуу текстинен салыштырмалуу түрдө бөлүп көрсөтүшкөн. "Махабхаратанын" жаралуу мезгили болжолдуу түрдө жети сегиз кылымды, тактап айтканда биздин эрага чейинки Ө-кылымдан биздин эранын Ө-кылымына чейинки аралыкты камтыйт. Эпостун өзүнүн аталышы жана анын мазмуну билдиргендей, "Махабхарата" бул баарыдан мурда бхарата уруусуна таандык падышалык эки уруктун – каурава менен пандаванын ортосундагы бийлик үчүн күрөш жөнүндөгү көркөм баяны.

Алардын ортосундагы кан төгүлгөн бул майданга түндүк Индия мамлекети жана калган дээрлик бардык уруулар катышкан жана андагы баатырдык сүрөттөөлөр улуттук улуу эпостун жаралышына түрткү берип, кийинки муундардын эсинде көпкө сакталып калды. Мындагы салгылаштын себептери жана салгылашуунун өзү тууралуу эпосто мындайча айтылат.

Бхарата өлкөсүнүн борбору Хастинапур шаарында өзүнүн улуу агасы Панду өлгөндөн кийин, куру уруусунан чыккан сокур падыша Дхиритараштыранын бийлиги өкүм сүргөн. Пандунун Кунти жана Мадри деген эки аялынан юдхиштихра, Бхима, Арджуна, Накула, Сахадева, деген беш уулу болгон. Башкача айтканда, алар пандавалар деп аталышкан. Ал эми Дхритараштранын Гандхари деген аялынан бир кыз жана жүз уул төрөлгөн. Алар кауравалар деп аталаган. Падыша айрыкча өзүнүн тун уулу Дүрөтханды өтө жакшы көргөн. Пандавалар менен кауравалар Дхиритараштранын сарайында бирге өсүп, бирге тарбияланышкан, жана алар өзүлөрүнүн илимди, искусствону жана аскер ишин таануусу боюнча даңкталышкан. Качан гана алар эр жеткен мезгилде алардын насаатчысы, брахман Дрона өзүнүн тарбиялануучуларына көптөгөн атактуу адамдар жана жалпы эл катышкан аскердик мелдеш өткөргөн. Кауравалар да, пандавалар да жаа атуу, фехтование, чокмор чабышуу, согуш арабаларын башкаруу чеберчилигин көрсөтүшкөн. Бирок баардык учурда Дронанын сүйүктүү окуучусу Арджуна өзүнүн чебер кыймылы жана тайманбас күчү менен алдыга суурулуп чыкты. Арджунанын көрсөткөн ийгиликтерине пандавалар катуу сыймыктанышса, ал эми кауравалар өзүлөрүнүн бир ата өткөн тууганын көрө алышкан жок жана аларга каршы жашыруун түрдө кара ниет ойлор менен чыгышат. Мыйзам жана салт боюнча Хастинапурдун падышасы пандавалыктардын улуусу Юдхиштихра болушу керек. Бирок Дүрөтханга пандаваларды борбор шаардан чыгарууга шарт түзүлүп калды. Дүрөтхан аларды Варанавате шаарына майрамдап келүүгө чакырат. Ал эми аякта Дүрөтхандын жашыруун буйругу боюнча пандавалар үчүн жалаң чайырдан үй курулат. Анткени Дүрөтхандын кызмат кылган адамдары ал үйгө келген бир туугандарын тирүүлөй өрттөш керек эле. Бирок пандавалар бул кара ниет ойлорду өз убагында байкап калышат да, өзүлөрүнүн энеси менен бирге, жашыруун эшиктен чыгып кетишет. Ал эми ал үйдө алардын ордуна кокусунан кирген беш уулу менен жакыр аял күйүп өлөт.

Өлгөндөрдүн сөөгүн тапкандан кийин, Дхиритараштра жана уулдары пандавалар өлүшкөн экен деген жыйынтыкка келишет. Бул аралыкта пандавалар Дүрөтхандын мындан аркы амалынан сактанышып билинбей токойго кирип кетишет, жана ал жерден брахман дербиш кейпинде жашашат. Алар көптөгөн сыноолорду баштарынан өткөрүшөт, көптөгөн эрдиктерди жасашат. Пандаваларды өлтүрүүгө аракеттенген ракшасу Хидимбу менен беттешип эр жүрөк Бихма аны өлтүрөт. Бир мезгилде пандавалар панчалар өлкөсүнүн борборуна келишип, бул жерде баардык тараптын падышалары жана алардын балдары падышанын кызы Драупади сулуунун колун сурап турган учурга туш болушат. Драупадинин атасы, падыша Друпада болочоктогу күйөө балдарына сыноо коюп жаткан эле. Падышанын кубаттуу жаасы менен беш жолу атып ким бутага тийгизсе, ошого кызын бермек. Алардын арасынан бири дагы бутага тийгизмек түгүл, жаанын кайышын кере тарта албай коюшту. Жалгыз гана Арджуна сыноодон ар-намыстуулук менен өттү жана Драупади пандавалардын үлүшүнө тийди. Арджуна анын бир туугандары панчалардын падышасына өзүлөрүнүн чыныгы атын айтышты.. Ал эми муну кауравалар да билишти. Анткени өзүлөрү ойлошкондой алар өлбөй калышыптыр.

Дхиритараштра Дүрөтхандын канчалык каршы болгонуна карабастан өзүнүн падышачылыгын аларга бөлүштүрдү.

Хастинапурдун чыгыш бөлүгүн ал өзүнө жана балдарына калтырып, ал эми батыш жагын пандаваларга берди. Алар ал жерди Индрапрастха деген эң кооз шаарга айлантышкан. Пандавалар Юдхиштхиранын жетекчилиги астыгда өз өлкөсүн көп жылдар бою бактылуу башкарышкан. Алардын кубаттуулугу өстү, түндүк менен түштүккө, батыш менен чыгышка аскердик жүрүштөрдү жасап, бир туугандар Индиянын дээрлик баардык падышаларын өздөрүнө баш ийдиришкен. Бирок алардын күчүнүн өсүшү менен бирге кауравалардын жек көрүүсү жана ичи тардыгы ого бетер күчөдү. Дүрөтхан Юдхиштхираны сөөкчө ойноого чакырды. Мындай чакыруудан качкандык абийирсиздик катары эсептелген, ошондуктан Юдхиштхира ойноого олтурду. Бирок анын атаандашы бул оюндун эң атактуу чебери кауравалардын карысы Шакуни болуп, калды. Юдхиштхира бардыгын – акча менен буюмдарын, кулдары менен малдарын, өзүнүн мамлекетин, ал түгүл аталаш бир туугандарын уттурду. Ошондо ал мелдешке өзүн койду жана өзүн уттуруп жиберди. Кауравалар бир туугандарын кордой башташты, анткени алардын кулу болушту, айрыкча Драупадини аябай кемсинтишти. Бирок жаман жөрөлгөлүү ойлордон корккон, Дхритараштра Драупадини бошотуу жана ага үч тартуунун бирин тандоого уруксат берди. Драупади бир туугандарына боштондук берилишин сурады, ал эми кийинчерээк Дхиритараштра аларга падышачылыкты кайтарып берген.

Бирок бир топ мезгил өткөдөн кийин, Дүрөтхан Юдхшитхираны кайрадан оюнга тартты, ал эми бул жолу да кайрадан утулуп, Юдхиштхира 12 жылга өзүнүн туугандары менен бирге куугунтукта жүрөт. Пандавалар баардык шарттарды абийирдүүлүк менен аткарышты. 13-жылы алар матселиктердин падышасы Виратада кызмат өтөштү жана кауравалардын жана анын өлкөсүнө каршы жасаган салгылашуусунда кауравалар Арджунанын жеңишке жеткендигин билишти, бирок куугунтуктоонун мөөнөтү бүтүп калгандыктан, пандавалар өзүлөрүнүн ысымдарын жашырышкан жок. Пандавалар Дхритараштрадан өзүлөрү бийлеген мурдагы жерлерин кайтарып берүүсүн талап кылышты. Дхритараштра дагы адегенде алардын бул талабын аткарууга макул болгон эле. Өтө айлакер жана даңкты катуу сүйгөн Дүрөтхан өзүнүн атасын алардын талабын аткарбоого көндүрдү. Эми эки тараптын кагылышуусу гана чырдын аягына чыкмак болду. Улуу салгылаш боло турган Курукшатра талаасында жер майышкан кол, көп сандаган сансыз аскер чогулду. Өзүнө көз каранды болгон падышалардан жардам чакырган кауравалар пандавалардын канча аскери болсо, дал ошончо көп миллиондогон аскер чогултту. Дүрөтхандын өзүнөн башка кауравалардын аскерлеринде акылман жана адилеттүү Бхишма падышанын уулдарын согуш өнөрүнө үйрөткөн насаатчы Дрона, пандавалардын өгөй энеси Күнтуу шадралардын падышасы Жаядратха жана башка көптөгөн күч-кубаттуу аскерлер топтолушкан. Ал эми пандавалардын аскерлерине өзүлөрүнүн өлбөс-өчпөс эрдиктери менен даңкталган беш бир туугандын бардыгы, Арджунанын уулу Абхимана, панчалардын падышасы Друпада, матселердин падышасы Вирата катышты. Айрыкча булардын арасында Вишна кудайынын жердеги кишиси, ядавалардын жол башчысы Кришна салгылашууда түздөн-түз катышпаса да, ал өтө баалуу кеңештери менен жардам берип, пандаваларга иш жүзүндө жетекчилик кылды.

Салгылашуу 18 күнгө узарды. Бирде тигил тарап, бирде бул тарап, ийгиликке жетишип турду. Октон, жараттан көптөгөн жөө, аскер атчан жоокерлер жана улуу согушчандар өлүп жатышты. Кауравалардын аскерлеринин жетекчилери Бхишма менен Дронп Карна менен Шалья биринин артынан бири курман болушту. Салгылашуунун акыркы күнү Бхиманын колунан Дүрөтхан каза тапты. Кауравалардын аскерлеринен үч гана адам тирүү калды. Караңгы түнгө жамынып алар, пандавалардын лагерине уурданып, киришип, беш бир туугандан, Кришнадан жана дагы бир жоокерден башка аман калган душмандарын бүт кырышат.

Салгылашуу дал ушинтип аяктаган. Мында пандавалар жеңишке жетишет, бирок алар мынчалык жоготуу менен жетишкен ийгиликке анчалык кубанышпайт. Чачылган өлгөндөрдүн талаасында пандавалар менен Дхритараштра, Гандхаринин элдешүүсү болуп өтөт. Кайгыга чөгүлгөн Юдхиштхира өмүрүнүн калган бөлүгүн токойдо жалгыздыкта өткөрүүнү чечет. Бирок туугандары акыр аягына чейин падыша болууга макулдатышат. Акыры беш бир тууган Дхритараштра, Гандхари, Күнтуулар да каза болушат. Бир гана Юдхиштра гана аман калат. Акыры ал да бейишке барып, өзүнүн жаны менен коштошот.

"Махабхарата" жалпысынан дал ушундайча аяктайт. Поэманын негизги сюжети анын төрттөн бир бөлүгүн гана түзөт. Калган үч бөлүгүн башкы баянга кошумча эпизоддордун арасында ар кандай көлөмдөгү мифтер менен легендалар, аңгемелер менен тамсилдер, моралдык окуулар менен уламыштар, философиялык трактаттар, бар. Атап айтканда, Нал жөнүндөгү уламыш, Савитри жөнүндөгү поэма жана башкалар орун алган. "Махабхаратадагы" кошумча тарых негизинен бүткүл индиялык мифологияны кайрадан айтып берет. Мында Анги, Индре Варуне жана Вай өңдүү эски кудайлар жөнүндөгү мифтер, байыркылардан куулуп чыккан Вишня Шива жана Брахма өңдүү жаңы кудайлар жөнүндөгү мифтер бизге мурдатан белгилүү ташкын суу жөнүндөгү миф жана асыл акылман жөнүндөгү мифтер орун алган жана алар көркөмдүк жактан өз алдынча кызмат аткарып турат. Баатырдык жомоктор мифтер, жана легендалар менен бирге "Махабхаратада" элдик поэзиядан, фольклордон сузулуп алынган көп сандагы тамсилдер менен притчалар да орун алган. Чыгармадагы мындай притчалардын бири океан менен дарыянын сүйлөшүүсү кеңири белгилүү. Океан дарыядан "Эмне үчүн күч кубатту даракты сууруйсуң да, алсыз камышка алың жетпейт " деп сурайт. Ал эми дарыя ага "Бак –дарак агымга каршылык көрсөтүү менен өзүнүн күчүн жоготуп алатюал эми камыш ага баш ийет жана жанынан тез өткүчө, ал кайрадан оңдонуп алат" деп жооп берет. Мындай притчалар чыгармадан көп орун алаган жана көркөмдүк маанисин андан ары көтөрүп турат. Жыйынтыктап айтканда чыгарманын моралдык доктринасы "Махабхаратанын" мазмунун жаңы негизде бекемдейт, анын көркөмдүк биримдигин камсыз кылат, поэманын энциклопедиялуулугуна карабастан, индия элдик макалында: "Махабхаратада" эмне жок болсо, ал Индияда жок деп айтылат. Демек бул байыркы Индиянын көркөм дөөлөтүн, экономикасын, маданиятын жана адеп ахлагын баяндаган баалуу чыгарма болуп саналат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Эл дүйнөсү журнал Б.2007