Маханько Владимир Николаевич

Маханько Владимир Николаевич (7.11.1938-жылы туулган, РФ, Красноярск крайы, Уяр району, Николаев кыштагы - 08.08.2012, Красноярск) – дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). Сокулук районундагы 21-партсъезд атындагы колхоздун жүгөрү өстүрүүчү звенонун башчысы. Ал башкарган звено жыл сайын жогорку көрсөткүчтөргө жетишип келген. 1971-жылы 210 га жердеги жүгөрүнүн ар гектарынан 65 цден, 1972-жылы 170 га аянттын ар гектарынан 75 цден, 1973-жылдары 62 ганын ар гасынан 102 цден түшүм жыйнап алган. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү