Махизм – тар мааниде – австриялык физик жана философ Махтын философиялык көз караштарынын жыйнагы; кең мааниде 20-кылымдын башталышында Мах, Авенариустардын эмгектеринде көтөрүлгөн философиядагы жана илимдер методологиясындагы субьективдүү-идеалисттик багыт. Махтын субьективдүү-идеалисттик окуусунун негизин «ойду үнөмдөө» теориясы жана ал сунуш кылган «таза баяндалуучу» илим түзөт. Мах ойду үнөмдөөнү таанып билүүнүн негизги мүнөздөмөсү деп жарыялайт, аны фактыларга карата организмдин «көнүп кетүү» зарылчылыгын шарттоочу организмдин өзүн-өзү сактоонун алгачкы биологиялык муктаждыгынан чыгарат. Ушул эле мазмунду Авенариус күчтү эң аз чыгымдоо принцибинде туюнтат.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8