Махмуд Ибн Вали (1595 же 1596-жылы төрөлгөн өлгөн жылы белгисиз) – орто кылымдын соңку мезгилинде Балх аймагынан чыккан окумуштуу тарыхчы. Ал «Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйар» («Айкөлдөрдүн чыгаандыгы тууралуу сырлар деңизи») аттуу эмгегин жазган. 1640–41-жылдары фарсы тилинде Балх ханы Аштархани Надир Мухамад хандын тапшырмасы боюнча жазылган. Чыгарма астрология, география жана жалпы тарых боюнча энциклопедиялык мүнөздө жазылган жана ар бири 4 бөлүмдөн турган 7 томду түзгөн.
1-, 6-томдорунун кол жазмалары биздин күндөргө жеткен. 1-том космографиялык мүнөздө жазылган жана астрономия, тарыхый геогрфия минералогия, ботаника, ветеринария сыяктуу тармактарды камтыйт. 6-томдун 1-бөлүмүндө Чыңгыз хандын жана анын Кытай, Ирандагы урпактары жөнүндө окуялар баяндалган; 2-бөлүгүндө Мавераннахрдагы, Моголстандагы жана Чыгыш Түркстандагы Чагатайлардын, 3-бөлүгүндө Жучу жана Шейбанилердин окуялары, акыркы бөлүгүндө Аштарханийлер жана алардын ата-бабаларынын, ал эми жыйынтыгында ар кандай түрк уруулары жөнүндө маалыматтар бар жана Ин-дияга жасалган саякат жөнүндө баяндалган. Махмуд Ибн Валинин чыгармасында кыргыз-моңгол байланыштары, уруу башчыларынын аттары, жерлердин аталыштары жөнүндө маалыматтар берилген.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү