Махмуд Кашгаринин картасы

Орто кылымдардагы мусулман географтары чийген дүйнөнүн бир катар карталары бар. Алардын ичинен Махмуд Кашгариге таандык дүйнөнүн түстүү картасы өзүнүн бир катар өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат.

“Дивандагы” картада жердин чордону катары автор туулуп өскөн Ысык-Көл, Борбордук Теңир-Тоо аймагы берилген. Барскан шаарынын аты китепте “Барсган” деп берилсе, картада “Барскан” деп жазылган. Картада негизинен Карахандар каганатынын аймагы берилген.