Машина тили — мазмуну менен эрежелерин ЭЭМдин аппараттык каражаттары ишке ашыруучу программалоонун формалдуу тили. Машина тили менен түзүлгөн программада ар бир операцияны аткаруучу белгилүү толук буйрук (команда) бар. Кээде машина тили ЭЭМдин буйруктар (командалар) системасы деп да аталат. Ал борбордук процессор түшүнө турган машина тилинде жазылат. Системалык блоктогу туруктуу эсте дайыма сакталып же тез эсте убактылуу сакталып турган программадан буйруктар алынып, алар чечмеленип жана аткарылып турат. Машина тилинин буйруктары код түрүндө берилет. Машина тили кошуу же жылдыруу сыяктуу көптөгөн амалдарды аткартуучу буйруктарды камтыйт жана алар компьютерде түздөн-түз аткарылат. Компьютерде жүзгө жакын буйруктар болот жана алар CISC (Сomplex instruction set computer) компьютерлери деп аталат. Компьютерде иштетилүүчү аракеттердин 80%и аз сандагы буйруктар менен аткарылат. Ушулар эске алынып, азыркы учурда RISC (Reduced instruction set computer) технологиясына негизделген борбордук процессорлор түзүлүүдө. Машина тилинин буйругу эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү жумушчу код же амалдар коду деп аталып, компьютер эмнени аткара турганын билдирет. Машина тили буйругунун экинчи бөлүгү операнд деп аталат жана анда буйрукта колдонулуучу берилиштер же алардын дареги көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү