Машрапов, Таласбек Туратбекович

Таласбек Туратбекович Машрапов (1956) – кыргыздын заманбап чыгыш таануучусу жана булак таануучусу, доцент, тарых илимдеринин кандидаты.

Таласбек Машрапов, кыргыз чыгыш таануучусу, Бишкек Гуманитардык Университетинин чыгыш таануу факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент. Бишкек ш., Кыргызстан. 03.03.2012.

Кыскача өмүр жолу түзөтүү

Таласбек Туратбекович Машрапов 1956-жылы 15-сентябрда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Алай районундагы Корул кыштагында туулган. Теги - кыргыздын адыгене уруусунун баргы уруусуна таандык.

1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз Улуттук Университетинин) тарых факультетин аяктаган.

1981-жылы Өзбекстандын ордосу Ташкент шаарындагы Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Бериуни атындагы Чыгыш таануу институтуна эки жылдык илимий стажировкага жиберилип, анда фарсы тилин үйрөнгөн жана фарсы булактарын изилдей баштаган.

 
Профессор Бөрү Ахмедов, Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунун бөлүм башчысы, Улуу Атамекендик согуштун ардагери. 1980-жж. этегиндеги сүрөт.

Айтылуу өзбек чыгыш таануучусу, академик Бөрү Ахмедов анын илимий жетекчиси болгон.

1983-86-жылдары Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуган.

15-17-кылымдардагы Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы боюнча фарсы булактарын иликтеп, диссертация жазган.

1986-жылы Бишкектеги Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетине кайтып келип, Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасында ага окутуучу болуп эмгектенген.

1992-жылдан тартып Кыргыз Улуттук Университетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында ага окутуучу болуп, адистик дарстарды эана семинарларды берип келди.

Андан соң Бишкек Гуманитардык университетинде Чыгыш таануу факультети ачылып, анда доцент жана 1993-жылдан тартып декан болуп иштеп келет.

Үй-бүлөсү түзөтүү

 
Машраповдор. Корул айылы, Алай району. Кыргызстан. 1961-жыл.

Үй-бүлөлүү.

Жары – Тойчубекова Айчүрөк.

Эки уул, эки кызы, неберелери бар.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Таласбек Туратбекович Машрапов чыгыш таануу жана булак таануу жаатында 50дөн ашуун ар кыл илимий жана илимий-колдонмо эмгектерди жарыялады.

Таласбек Машрапоп кыргыз тарыхнаамасында совет доорунда кирген айрым калпыстыктарды оңдогон. Маселен, 1983-жылы чыккан “Кыргызстан тарыхы” китебинде кыргыздар 17-кылымдын башында калмактардын кысымы менен Каратегин, Гисар аймактарына журт которгону тууралуу айтылат. Машрапов болсо колдо бар фарсы булактары тээ 16-кылымда эле кыргыздардын топтору Каратегин, Гисар сыяктуу аймактарда байырлаганын көрсөтөт деп жазат Archived 2014-12-21 at the Wayback Machine.

Бир катар эл аралык жыйындарга катышты жана өзү да Бишкекте эл аралык жыйындарды, симпозиумдарды уюштурду.

2011-жылы 28-майда К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде Кыргызстандагы алгачкы чыгыш таануучу бүтүрүүчүлөрдүн 15 жылдыгына арналган жыйынды уюштурган.

Котормолору түзөтүү

Таласбек Туратбекович Машрапов фарсы тилиндеги бир катар уникалдуу орто кылымдык жазма булактардын маанилүү бөлүктөрүн кыргыз жана орус тилдерине которуп жарыялады.

Ал иликтеген оригиналдуу булактардын арасында Махмуд ибн Валинин 1634-1641-жж. жазылган "Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйар" ("Айкөлдөрдүн каармандыгы тууралуу сырлар деңизи") эмгеги, Хафиз-и Таныш Бухаринин «Абдулла-наме» эмгеги жана башка фарсы тилдүү авторлордун чыгармалары бар.

Ошондой эле айрым кыргызча илимий эмгектерди да фарсы тилине которду.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

2012-жылдын 11-февралында «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин уюштуруу жыйынына катышкан.

Кыргызстандагы чыгыш таануу илиминин өркүндөтүлүшүнө багытталган илимий-усулдук жыйындарга ырааттуу катышкан.

2011-жылы Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын Коомдук Байкоочу Кеңешине мүчө болгон.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Машрапов Т.Т. Значение персоязычных источников в изучении истории Киргизстана XVI-XVII веков: Автореферат диссертации... кандидата исторических наук: 07.00.09. АН УзССР. Институт востоковедения им. А. Р. Беруни. - Ташкент, 1989. – 21 с.
  • Машрапов Т.Т. "Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйар" (География) Махмуда ибн Вали как источник по истории Кыргызстана XVI - XVII вв. // Вопросы востоковедения и востоковедного образования. - Бишкек: БГУ, 2002. - Вып.1. - C.27-37.
  • Машрапов Т. Т. Сведения о кыргызах в «Силсалат ас-салатин» Мир Мухаммад Салима // Тезисы докладов и сообщений Межреспубликанской научной конференции, посвященной памяти В. А. Ромодина. Бишкек, 1991.
  • Машрапов Т. Т. “Та'рих-и Рашиди” Мирзы Хайдара о ферганских киргизах // ОНУ. 1986. № 12. - С. 44 и сл.

Адабият түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү