Машыктыргыч
Машыктыргыч, тренер (англисче trainer, train – тарбиялоо, үйрөтүү) – спорттун белгилүү түрү боюнча адис, дене тарбия мугалими. Ал спортчуну тарбиялоого, окутууга жана чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган окуу-машыктыруу иштерин жүргүзөт. Машыктыргычтарды негизинен дене тарбия институту, ошондой эле машыктыргычтардын атайын жогорку мектеби даярдайт. Эмгек сиңирген машыктыргыч деген наам белгиленген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7