Маяк – өтө кубаттуу жарык булагы менен жабдылган мунара түрүндөгү курулма. Ал деңиз жээгин таануу, деңизде кеменин ордун аныктоо, аэропланга жерге жакындаганын жана навигациялык коркунуч жөнүндө алдын ала билдирүү милдетин аткарат. Маяк жарык-оптикалык системалар, ошондой эле сигнал берүүнүн башка техникалык каражаттары: аба акустикасы (наутофон, диафон, сирена ж. б.) же суу асты акустикасы (суу асты коңгуроосу, осциллятор); радиотехника, радиоакустика менен жабдылат. Маяк деңиз жээгине, порттун кире беришине, булуңга же суунун куйган жерине, кээде аскага же тайыз жерге орнотулат. Маяктын негизги мүнөздөмөсү: мунарага мүнөздүү архитектурасы, жарыктандыруучу бөлүгү, жарыктын деңиз деңгээлине карата бийиктиги, жарык түсү жана аны аралыкка берүү мүнөзү. Радиомаяк жыштыкты берүү, иштөө режими жана код сигналы менен мүнөздөлөт. Биздин заманга чейинки 280-жылы римдиктер курган Александриядагы Фарос маягы – эң байыркы маяк. Ал дүйнөдөгү 7 кереметтин бири болуп эсептелет.

Аргентинанын Ушуайя шаарындагы дүйнөнүн акырындагы маяк

Колдонулган адабияттар түзөтүү