Маңгыттар – 1) түрктөргө тектеш уруулардын бири. Карача бийлер жетектеген маңгыттар бир кезде огуз уруулары (кыргыз, кыпчак, курама, жедигер, коңурат, казак ж. б.) менен бирге Сыр-Дарыянын боюн жердеп, ак маңгыт, кара маңгыт болуп бөлүнүшкөн. Жазма маалыматтарда алгачкы жолу Батыйдын Россияга жасаган чабуулуна байланыштуу моңголдордун бир уруусу (маңгут) катары эскерилет. 14-кылымда маңгыттарга Едиге эмирлик кылган. Булардан тышкары «Мажму ат-Таварихте» да 92 боолу өзбектин (иллатийа) бир уругу катары жана Мухаммед Хаким хандын «Мунтахаб ат-Таварих» аттуу эмгегинде орто азиялык маңгыттар жөнүндө маалыматтар кездешет. Азыркы учурда негизинен Фергана өрөөнүндө, Батыш Казакстанда азыраак бөлүгү Ош областынын Араван районунда турушат; 2) Бухара эмирлигин башкарган династия (1738–1920). Негиздөөчүсү Кудаяр бий (1738–43-жылдары бийлеген), акыркысы Сейит Алим хан (1910–20) болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү