Мегар мектеби – биздин заманга чейинки 4-кылымда Байыркы Грециядагы болгон философиялык багыт; Сократтын досу жана шакирти мегардык Эвклид (болжол менен б. з. ч. 450–380-ж.) тарабынан негизделген. Сократ өлгөндөн кийин мегарлыктар түбөлүк жана өзгөрбөс бирдиктүүлүк (болмуш) жөнүндө Пармениддин окуусун сократтык этикадагы жогорку түшүнүк – жакшылык түшүнүгү менен синтездөөгө аракет кылышкан. Эвклид бирдиктүү гана жакшылык болот деп ырастаган, ал өзгөрбөс жана өзүнө өзү теңдеш болуу менен чындык, акыл, кудай ж. б. аталыштар менен да белгилүү. Кайрымдуулуктун ар кандай түрлөрүнүн ээ болгондугуна карабастан, анын түпкү мазмуну – жакшылыкты таанып билүүдө жатат. Буюмдардын көптүгү жана ар түрдүүлүгү бирдиктүү жакшылыкка каршы турат жана ошондуктан анык да эмес, реалдуу да эмес түрдө болот.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8