Мег Райан (англ. Meg Ryan;туулгандагы аты - Маргарет Мэри Эмили Анна Хайра, 1961-жылдын 19-ноябрында туулган) - америкалык актриса, режиссер жана продюсер. Мег Райан өзүнүн актрисалык жолун 1981-жылы эпизоддогу ролдордон баштаган, 1982-жылы CBS телеканалында тартылган "Дүйнө жашап турганда" (World Turns, 1982) тасмасында роль жараткан. Андан кийин актриса 1980-жылдардын орто ченинде тартылган тасмаларда эпизоддук ролдордо ойногон. "Убадаланган жер" (англ. Promised Land, 1988) тасмасында катышып, режиссер Роб Рейнер тарткан "Гарри Саллини жолуктурганда" (англ. When Harry Met Sally, 1989) аттуу романтикалык комедиясындагы ролу ага атак алып келген жана ушул ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Райан кийин улуттук жана эл аралык деңгээлде өзүнүн актрисалык ордун тапкан , анткени актриса 1990-жылдардан 2000-жылдардын башына чейинки эң ийгиликтүү актрисалардын катарын толуктап турган. Актриса "Сиэтлдеги уйкусуздук" (англ. Sleepless in Seattle, 1993) "Францияга саякат" (French Kiss, 1995), "Кат келди" (англ. You've Got Mail, 1998), ошондой эле "Кейт жана Лео"(англ. Kate & Leopold, 2001) тасмаларындагы ролдору менен элдин эсинде калган. М. Раян "Дорз" (англ. The Doors, 1991), "Эркек аялды сүйгөндө" (англ. When a Man Loves a Woman, 1994), "Согуштагы эрдик" (англ. Courage Under Fire, 1996), "Сүйүүдөн башы адашкандар" (англ. Addicted to Love, 1997), "Периштелер шаары" (англ. City of Angels (1998), "Жашоо далили" (англ. Proof of Life, 2000) жана "Аялдар" (англ. The Women, 2008) тасмаларында ойногон. 2015-жылы "Итака" (англ. Ithaca) тасмасында режиссердук тушоосу кесилип, аталган фильмде роль дагы ойногон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү