МеданИндонезиядагы шаар. Суматра аралында жайгашкан. Түндүк Суматра провинциясынын административдик борбору. Суматра аралынын түндүк-чыгышында, Малакка кысыгынын жээгинде жайгашкан. Калкы 1,8 млн (2010; Суматра аралындагы эң ири, калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар; агломерациясы менен 4,4 млн, ири шаарлары: Перчу-Сей-Туан (калкы 408,7 миң), Бинжай (273,0 миң), Пербаунган (220,4 миң). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол аркылуу аралдын түндүгүндөгү шаарлар менен катташат. Медандын деңиз аванпорту – Белаван (жылына 10 млн тонна жүк ташылат; негизинен пальма майы экспортко чыгарылат).

Медан (2013).

1590-жылы Медан султандыгынын борбору катары негизделген. 1872–1945-жылдары Ост-Индиядагы Нидерланд ээлигинин курамында, 1886-жылдан административдик борбору болгон. 1918-жылдан шаар статусуна ээ. 19–20-кылымдын курулуштары: султан Истана Маймундун ак сарайы (1891), Тжонга Финин тургун жайы (1900), Масжид-Рая мечити (1906; өлкөдөгү эң ири), шаар ратушасы (1908), суу басым мунарасы (1908), почтамт (1909–11), банк имараты (1910) сакталган. Шаардын экономикасында маанилүү орунду тейлөө чөйрөсү ээлейт. Тамеки, тамак-аш (пальма, кокос майы, жемиш консервалоо), текстиль, тигүү, кара металлургия (бир нече электр, болот эритүүчү заводдор; жылына 250 миң тонна), химиялык (накта каучукту иштетет, шина, резина-техникалык буюмдар), фармацевтика, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн илим жана билим очогу. Университеттер (анын ичинде менчик Ислам, Ыйык Фома католик ж. б.) жана университеттердин кампустары, ИИИ (пальма майы) бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү