Меделканов Жолдошбек Мокушевич

Меделканов Жолдошбек Мокушевич (12.1.1948-ж.т., Токтогул району, Белалды айылы) - чарбалык, советтик жетекчи кызматкер.

  • 1969-жылы Ош курулуш техникумун (1969),
  • Фрунзе политехника институтун (1977), Ташкент шаарындагы Жогорку партиялык мектепти (1985) бүткөн.
  • Советтик армияда кызмат өтөгөн (1971-72).
  • 1969-71-жылдары Токтогул районундагы курулуш дирекциясында улук инженер,
  • 1977-79-жылдары Кара-Көл шаарында шаардык комитетте инструктор,
  • 1979-83-жылдары Эл депутаттарынын Ала-Бука райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары,
  • 1985-87-жылдары партиянын Ош облустук партиялык комитетинин инструктору,
  • 1987-1992-жылдары Чаткал райондук аткаруу комитетинин төрагасы,
  • 1992-96-жылдары Ала-Бука,
  • 1996-98-жылдары Ноокат,
  • 1998-2001-жылдары Токтогул райондорунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп иштеген.
  • 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинде аппарат жетекчи болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6