Эсенбек Медербеков

Медербеков Эсенбек‎»‎ барагынан багытталды)

Медербеков Эсенбек (1936-2003) - кыргыздын белгилүү жазуучусу, романист.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Жазуучу, сынчы Эсенбек Медербеков Сокулук районундагы Октябрь айылында 1936-жылы туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1959-жылдан Фрунзе шаарынын ар кайсы ишканаларында иштеген. 1962-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, 1974-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын гуманитардык илимдер бөлүмүндө редактор болуп эмгектенген.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Жазуучунун биринчи «Досумдун тапшырмасы» аттуу очерктер жыйнагы 1968-жылы жарык көргөн. «Кызыл жалын» аттуу тарыхый-көркөм романдын, бир нече очерктер, повесттер жана аңгемелер жыйнактарынын автору. Ал тарабынан С.Антоновдун «Главный вопрос» аттуу аңгемелери (1971) которулган. 1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Сыйлыктары түзөтүү

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

Жарык көргөн чыгармалары түзөтүү

  • Досумдун тапшырмасы: Очерктер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 120 б.;
  • Суусамыр: Очерктер – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 196 б.;
  • Нурия: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 15 б.;
  • Тунгуч мектеп: Очерктер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 142 б.;
  • Баба дыйкан: Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 104 б.;
  • Кичинекей алп: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1978. – 180 б.;
  • Кызыл жалын: Тената: Тарыхый көркөм баян. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 228 б.

Котормолору түзөтүү