Медеров Эрмамат
Медеров Эрмамат 1910-жылы азыркы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган.
- Эмгек жолун 15-16 жашында темир жол мекемесинде иштөөдөн баштайт.
- 1926-жылдан баштап ички иштер бөлүмүнө которулуп катардагы милиционер болуп иштейт.
- Катардагы милиция кызматкеринен бөлүм башчысына чейин көтөрүлөт.
- 1938-1940-жылдары Фрунзе шаарындагы ИИМнин алдындагы Областтар аралык атайын мектебинде окуган.
- Ошону менен катар Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун биринчи чакырылышынын депутаты болгон.
- Согуш мезгилинде бир топ татаал мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген.
- Бир нече мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
- 50 жылдан ашуун мезгилде советтик, партиялык, мамлекеттик кызматтарды аркалап, Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошкон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3