Медетбек Темиркулович Керимкулов (28. 1. 1949-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кең-Булуң айылы) – мамлекеттик ишмер. 1972-ж. Фрунзедеги Политехникалык институтту бүтүргөн. 1972–74-жылдары Кыргыз ССРинин Айыл-чарба курулуш министрлигинде мастер, прораб, 1974–82-жылдары Токмок курулуш-монтаж трестинде улук инженер, башкы инженер, начальник, 1982–84-жылдары Токмок шаардык өнөр-жай бөлүмүнүн башчысы, 1984–85-жылдары эл депутаттарынын Чүй райондук советинин төрагасынын орун басары, 1985–90-жылдары Токмок курулуш-монтаж трестинин башчысы, 1990–91-жылдары Токмок шаараткомунун төрагасынын орун басары, 1991–92-жылдары Токмок шаардык советинин төрагасы, 1992–95-жылдары Токмок, Ош шаардык мамлекеттик администрацияларынын башчысы, 1995–99-жылдары Бишкек шнын мэринин 1-орун басары, 1999–2005-жылдары Бишкек шаарынын мэри, 2005–06-жылдары Кыргыз Республикасынын 1-вице-премьерминистри, 2006–07-жылдары Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, соода жана туризм министри, 2011-жылдан Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучу. 3-даражадагы Манас ордени жана сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү