Медетов, Жакып (Фуйтко)
Медетов, Жакып (Фуйтко) – жазуучу. Талас районундагы Терек айылында 1939-жылы 9-декабрда туулган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Ош облусунун Ленин районуна караштуу №9 Ноокен орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1965-жылдан Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер, 1966–1971-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, ал эми 1981–1988-жж. улук редактор, башкы редактордун орунбасары. 1971–1973-жж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук илимий кызматкер, 1973-жылдан «Мектеп» басмасында балдар жана жаштар боюнча көркөм адабият редакциясынын башчысы болуп иштеп, 1988-жылдан «Адабият»' басмасын жетектеген.
1999-жылдан баштап республикалык радиоуктуруу комитетинде «Казына» чыгармачылык бирикмесинде жетекчилик кызматын өтөдү.
1976-жылы биринчи повесттер жана аңгемелер жыйнагы «Мурат улама» деген ат менен чыккан. Бир нече прозалык жыйнактардын, М.Пришвиндин аңгемелеринин котормосунун автору, «Солнышко» аттуу жыйнактын коллективдүү котормосуна катышкан (1978,1979).
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1986-жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 1991-жылдын 10-январынан эмгек ветераны.
Жарык көргөн китептери түзөтүү
Кыргыз тилинде түзөтүү
Мурат улама: Легендалар, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 238 б.
Дабаагер: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1978. – 236 б.
Зоболо: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 200 б.
Күрөш: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 198 б.
Сый: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 216 б.
Жер ысмы: Дастан жана повесттер. – Ф.: Адабият,1989. – 304 б.
Кежир-Алп: Айып-дастан, повесттер, аңгемелер. – Б.: Адабият, 1991 – 478 б.
Чакпаган жылаан: Жомок. – Б.: Адабият,1991.– 16 б.
Таянган тоом – абийирим. – Б.: 200 б.
Гүл өнгөн баскан изинен. – Б.: Учкун, – 308 б.
Котормолору түзөтүү
Пришвин М. Мазай бабанын жергесинде: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 214 б.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6