Медетов Жакып (Фуйтко) - жазуучу.

Жакып Медетов Талас районундагы Терек айылында 1939-жылы 9-декабрда туулган.
1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Ош облусунун Ленин районуна караштуу №9 Ноокен орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1965-жылдан Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер,
1966–1971-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, ал эми
1981–1988-жж. улук редактор, башкы редактордун орунбасары.
1971–1973-жж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук илимий кызматкер,
1973-жылдан «Мектеп» басмасында балдар жана жаштар боюнча көркөм адабият редакциясынын башчысы болуп иштеп,
1988-жылдан «Адабият» басмасын жетектеген.
1999-жылдан баштап республикалык радиоуктуруу комитетинде «Казына» чыгармачылык бирикмесинде жетекчилик кызматын өтөдү.
1976-жылы биринчи повесттер жана аңгемелер жыйнагы «Мурат улама» деген ат менен чыккан. Бир нече прозалык жыйнактардын, М.Пришвиндин аңгемелеринин котормосунун автору, «Солнышко» аттуу жыйнактын коллективдүү котормосуна катышкан (1978,1979).
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1986-жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
1991-жылдын 10-январынан эмгек ветераны.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Мурат улама: Легендалар, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 238 б.

Дабаагер: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1978. – 236 б.

Зоболо: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 200 б.

Күрөш: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 198 б.

Сый: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 216 б.

Жер ысмы: Дастан жана повесттер. – Ф.: Адабият,1989. – 304 б.

Кежир-Алп: Айып-дастан, повесттер, аңгемелер. – Б.: Адабият, 1991 – 478 б.

Чакпаган жылаан: Жомок. – Б.: Адабият,1991.– 16 б.

Таянган тоом – абийирим. – Б.: 200 б.

Гүл өнгөн баскан изинен. – Б.: Учкун, – 308 б.

КОТОРМОЛОРУ

Пришвин М. Мазай бабанын жергесинде: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 214 б.