Медиаторлор — нерв импульсунун таасиринен пайда болуп, козголууну бир нерв клеткасынан экинчисине же нерв учунан жумушчу органга (булчуңга, без клеткасына жана башкалар) өткөрүүчү физиологиялык активдүү заттар. Орган же ткандардын бирин дүүлүктүргөн кезде тери, булчуң, ички органдардан өтүүчү нерв учтарынан сезгич нерв талчалары аркылуу борбордук нерв системасына нерв импульстары жетет. Импульс борбордук нерв системасынан кыймылдатуучу нерв аркылуу булчуңдарга өтүп, алардын жооп кайтаруу реакциясын пайда кылат. 1921-ж. австр. фармаколог Ошондой Леви таралма нервдин жүрөккө тийгизген таасири ацетилхолиндин пайда болушуна байланыштуу экендигин экспериментте аныктап, вегетатив нерв системасында медиатор бар экендигин далилдеген. Электрондук микроскоп менен изилдөөдө нерв учтары менен нерв клеткаларынын денеси бири-бирине тийишкен жеринде — синапстардын көп сандаган ыйлаакчаларында медиатор болору аныкталган. Нерв талчалары козголгондо синапс ыйлаакчалары жарылат да андагы медиатор нерв же булчуң клеткасынын мембранасы менен өз ара аракеттенип, клеткада козголуу пайда кылат. Тормоздолуу кезинде да Медиатордун бөлүнүп чыгышы аныкталган. Парасимпат нервинин учунда — ацетилхолин, симпат нервдеринде норадреналин чыгат. Бул эки медиатор нейрондордун ортосунда да табылган. Борбордук нерв системасында булардан башка дофамин, серотонин, глицин жана башкалар Медиатордун ролун аткарат. Медиатордун таасири жергиликтүү реакциялардын ишке ашырылуусу менен гана чектелбейт. Нерв тканында пайда болуп, керектелбей калган МЕДИАТОРдун бөлүгү ткань суюктугуна жана канга өтөт, түрдүү вегетатив реакцияларын пайда кылып, функциялардын нейро-гумордук жөнгө салуусуна катышат. МЕДИАТОРду изилдөө козголууга тоскоол кылуучу бир канча заттардын таасирин ачууга түрткү болду. Нерв системасынын ооруларында, уулануунун кээ бир түрлөрүндө Медиатордун пайда болушу, таасиринин жана бөлүнүшүнүн механизмдери бузулат. Норма жана патология убагында Медиатордун химиялык кубулуусунун өзгөчөлүктөрүн билүү дарылоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8