Мадина [байыркы аты Ясриб (Ятриб), арабча толук аты – Мадинат-Расул-Аллах же Мадинатан-Наби – «Пайгамбарлар шаары»] – Сауд Арабиясынын батышындагы шаар. Мадина провинциясынын административдик борбору. Оазисте, Кызыл деңизден болжол менен 200 км алыстыкта жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2010; өлкөдөгү калкынын саны боюнча 4-шаар). Соода-жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар калкы негизинен зыяратчыларды тейлеп, бакчачылык менен да алектенет. Диний буюмдарды (теспе, жайнамаз ж. б.) жасоочу өндүрүштөрү иштейт. Король Фахда атындагы басма комплекси (1985; Куранды басып чыгаруучу дүйнөдөгү бирден-бир басма; жылына 10 млн нуска), металл иштетүүчү, автомобиль ремонттоочу, курулуш материалдар (кыш, черепица) ишканалары, карапа жана жыгач иштетүүчү мастерскойлору, азык-түлүк өндүрүшү иштейт. Мадина – сугатчылык өнүккөн аймактын борбору. Башкы азыгы – курма (негизинен экспорттолот).

Медина (2008).

Шаар 7-кылымдан – мусулмандардын зыяратка келүүчү 2-ыйык жайы (Мекеден кийин). Биздин заманга чейинки 6-кылымдан Ясриб деген ат менен белгилүү. Мадинага 622-жылы Мекеден ислам динин негиздеген Мухаммед көчүп келип, мусулмандар жамаатын түзгөн. 622–32-жылдары аралыгында ислам өз алдынча дин болуп, алгачкы мечит курулган. 632–56-жылдары Араб халифатынын борбору. 10-кылымдан Египет династиясынын, 1571–1919-жылдары Осмон империясынын сурагында, 1919–24-жылдары Хижаз королдугунун, 1932-жылдан Сауд Арабиясынын курамында. Архитектура эстеликтери исламдын тарыхы менен байланыштуу. Медина алгач таш коргон менен курчалып, 4 дарбазасы болсо, кийинчерээк ал 8ге жеткен. Анда Мухаммеддин күмбөзү жана Чоң мечит (Мухаммеддин үйүнүн ордуна тургузулуп, бир нече жолу оңдолгон; 7-, 8-, 19-кылым), Каср-Азим сепил-ак сарайынын калдыгы (7-кылым), 19–20-кылымдын курулуштары, мечиттер (анын ичинде Гамама, жер-суу тайып сыйынуучу жерде; Микат) сакталган.

Пайгамбардын мечит комплексинин заманбап көрүнүшү тик бурчтуу. Ал бир нече бөлүктөн (аянты 165 миң м2), 10 минареттен (анын ичинде 6оонун бийиктиги 99 м) жана Куран музейинен [жер алдында 2 ярустан туруп, гусул (дараат) алуучу ж. б. жайлары жайгашкан] турат. 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башынан шаарды жашылдандыруу жана жакшыртуу иштери чоң масштабда жүрүүдө. Ири соода борборлору, асфальт жолдор курулду. Университеттер (анын ичинде Ислам, Тайба), король китепканасы, музей комплекси (анын ичинде бизнес-борбор ж. б.), парк бар. Туризм (жыл сайын бир млндон ашык адам зыяратка келет) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү