Медициналык термометр - адамдын дене температурасын өлчөөчү курал.

Медициналык термометр.

Ал жука айнек корпус жана сымап менен толтурулган резервуардан турат. Корпустун ичиндеги шкалага бекиген ичке түтүк - капилляр менен резервуар кошулган. Шкаладагы тийиштүү бөлүктөр кишинин мүмкүн болгон температурасын (34төн 42°ка чейин) өлчөөгө мүмкүндүк берет. Температураны өлчөгөндө резервуардагы сымап дененин жылуулугу менен ысып кеңейет да, капиллярга өтүп, шкаланын тигил же бул белгисине чейин көтөрүлөт.

Сымап мамычасы ошол бойдон силкмейинче ылдый түшпөйт. Силккенде сымап кайта капилляр менен резервуарга келип түшөт. Адатта дене температурасын өлчөө үчүн аны кургак даки менен аарчып, сымап жайгашкан жагын колтукка, чурайга, кээде (эмчектеги балдарга) ооздун ичине, көтөн чучукка коюлат. Колтукка 10 мин., чурайга 5 минутадай кармайт. Айрыкча жаш балдарда, кары кишилерде Медициналык термометрдин туура коюлушуна көңүл буруу зарыл. Дене температурасы күнүнө 2 жолу (эртең менен 7-9га чейин жана кечкисин саат 6 да) ченелет. Үй шартында аны пайдаланбаган учурда кургата сүрүп, атайын кутуда сактоо керек[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Эгер сымап термометрди сындырып, анда эмне кылуу керек