Медициналык энциклопедия

Медициналык энциклопедия – медициналык илимий маалымат берүүчү көлөмдүү басылма. Биринчи жолу Н. А. Семашконун жетекчилиги менен 35 томдуу «Большая медицинская энциклопедия» (БМЭ) чыгарылган (1928–36). БМЭнин 2-басылышы 1956–64-жылдары жарык көргөн. 1965–70-жылдары 12 томдуу «Малая медицинская энциклопедия» чыккан. 1972–74-жылдары орто билимдүү медициналык кызматкерлерге арналган 3 томдуу «Краткая медицинская энциклопедия» чыгарылган. Россияда БМЭнин атайын Башкы редакциясы даярдап чыгарып келген. Ал эми Кыргызстанда Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан 1991-жылы «Ден соолук» илимий популярдуу, бир томдук медициналык энциклопедиясы чыгарылган. Анда 1406 макала камтылып, ден соолукту сактоо жана чыңдоо, түрдүү оорулардан алдын алуу ж. б. ушул сыяктуу медициналык кеңештер берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Encyclopedia-stub Калып:Med-stub Калып:Pharma-stub Калып:Med-toxic-stub Калып:Vaccine-stub Калып:Health-stub Калып:Disease-stub Калып:Surgery-stub Калып:Chem-stub Калып:Isotope-stub Калып:Biochem-stub Калып:Protein-stub Калып:Alcohol-stub Калып:Reaction-stub Калып:Physical-chemistry-stub Калып:Organic-chem-stub Калып:Organic-compound-stub Калып:Inorganic-compound-stub Калып:Alloy-stub Калып:Material-stub Калып:Cannabinoid-stub Калып:Biosci-stub Калып:Gene-stub Калып:Zoology-stub Калып:Botany-stub Калып:Veterinary-med-stub Калып:Ecology-stub Калып:Embryology-stub Калып:Anatomy-stub Калып:KG-stub